БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Кайнар" кенинде көмүр казууга баргандардын үстүнөн топурак көчүп, үч адам каза болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 5-ноябрь күнү саат 12.00дө болгон. Каза болгондор Папан айыл аймагындагы Кожокелен айылынын тургундары экени аныкталды. Бирөөсү 22 жаштагы жигит, калган экөө алтынчы жана сегизинчи класстын окуучулары болгон.
Балдардын сөөктөрүн жергиликтүү тургундар уранды астынан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.