Түркмөнстанда үч миң кишилик "боз үй" курулууда

Жазылуу
Боз үй түрүндөгү үч кабаттуу имарат ушул айдын аягында пайдаланууга берилет. Курулушту убагында бүтүрүү үчүн иш күн-түн дебей жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Түркмөнстанда үч миң кишини батырган "боз үй" курулуп жатканын жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен Кытайдын Синьхуа агенттиги билдирди.

Боз үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыргыз көчүндө" өткөн сынакта боз үй 14 мүнөттө тигилди
Курулуш Түркмөнстандын Мары шаарында салынууда. Бул калаа 2015-жылы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп таанылган.

Боз үй түрүндөгү үч кабаттуу имараттын бийиктиги — 35 метр, диаметри — 70 метрге жетет. Түркмөн көчмөн урууларына ыңгайлашкан курулуштун чатыры курама материалдардан куралып, айнек-алюминий витраж менен тышталган. 

Учурда апрелде башталган имаратты өз маалында салып бүтүрүү үчүн курулуш иштери күн-түн дебей жүрүп жатат. 

Маалыматка ылайык, жаңы имаратта расмий иш-чаралар үчүн залдар, грим бөлмөлөрү, кеңсе жайлары, ири ресторан, VIP-коноктор үчүн апартаменттер жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0