БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктардын санын алты миллион кыла турчу ымыркай 16-ноябрда, дүйшөмбү күнү жарык дүйнөгө келет. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Алты миллионунчу болуп ким төрөлөрүн аныктоо үчүн ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлдү.
Улуттук Статистикалык комитет билдиргендей, 2015-жылдын 1-августуна карата кыргызстандыктардын саны 5 миллион 964 миң кишини түзгөн.
Кыргызстандын беш миллионунчу жараны Тынчтык 2002-жылы 27-августта Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапарованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Азыр ал 13 жашка толду.