БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы катуу шамал төрт орто мектеп, бир колледждин жана эки турак үйдүн чатырларын учуруп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен. Учурда Балыкчы шаарынын Жарандык коргоо комиссиясы шамалдын кесепеттерин тактап жатат.
Министрлик бул боюнча кошумча маалымат берерин белгилейт.