БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Унаасынан төрт килограммдан ашык героин табылган жаран кармалганын ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандын Лейлек районунун тургуну экени маалым болгон. Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Аламүдүн районунан ал айдап бара жаткан Тойота Эстима унаасынан пакеттерге салынып, сыртынан скотч менен оролгон сегиз куту алынган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттын героин экени анык болгон.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган 36 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.