БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Бул туурасында ТИМ маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн эртең менен Жон Керри Бишкекке келип түштү. Аны эл аралык "Манас" аба майданынан ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев тосуп алды.
АКШ мамткатчынын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда Тышкы иштер министри Абдылдаев экөө маалымат жыйынын өткөрөт.
Бул сапарда мамкатчы Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампсунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин бир имаратынын ачылышына катышат.