00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
3 мин
06:04
38 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: милиция кызматкеринин жаңы образын түзүүгө көңүл буруу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери стройдо. Архив
Милиция кызматкерлери стройдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-ноябрда кыргыз милициясы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгын белгилейт.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев  милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга канчалык сын айтылбасын, эл баары бир милиция коргойт деп ишенерин айтты.

1-ноябрда кыргыз милициясы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 91 жылдыгын белгилейт. 

Президент милиция кызматкерлерине бекем ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады. 

"Сиздер өтөгөн кызмат ары татаал, ары коркунучтуу. Кайраттуулукту, темирдей бекем эркти, кыраакылыкты, эрдикти талап кылат. Күн сайын кылмыштуулукка каршы күрөшүп, жарандардын коопсуздугунун, алардын ден соолулугунун жана өмүрүнүн сакчылыгында болосуздар",— деди Атамбаев.

Ал укук коргоо органдарынын системасын жакшыртуу, бул мезгилдин талабы экендигин айтты. 

"Милиция кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык жактан коргоо боюнча чаралар көрүлөт. Укук коргоо органдарын материалдык-техникалык жактан жабдууну жакшыртууга олуттуу каражаттарды жумшайбыз",— деди мамлекет башчысы.

Президент милициянын бир кызматкеринин өмүрүн алган кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын операциянын мисалында тартипти камсыз кылуучу органдар бардыгын айтты. 

"Жалпы адамзаттын башына түшкөн мүшкүл, чек араны билбеген көрүнүш катары террорчулук биздин коомубузга түздөн-түз коркунуч келтирип жатат. Бирок бүгүн биздин өлкөбүздөгү кырдаал алар ойлогондой эмес, башкача. Бизде тартипти жана коопсуздукту камсыз кыла турган түзүмдөр жана органдар бар. Буга жакында эле Бишкекте өткөрүлгөн атайын операция далил боло алат. ИИМдин кызматкерлери түрмөдөн качкан өтө коркунучтуу кылмышкерлерди зыянсыздандырып, масштабдуу трагедиянын алдын алышты",  — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнө талапты катуу коюу зарылдыгын белгиледи.

"Коомубузда милициянын дарегине канчалык сын пикирлер айтылбасын, жарандарыбыз өздөрүн жана жакындарын ар кандай зомбулуктардан жана адилетсиздиктен милиция коргойт деп ишенет. Андыктан ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнө талапты катуу коюуга тийиш. Анткени жарандарыбыз биринчи кезекте милицияны бийликтин, мамлекеттин өкүлү катары кабыл алышат. Сиздер өз абийириңердин, элдин алдында таза болуп, милиционердин наамын татыктуу алып жүргүлө", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы алардын Мекен үчүн өтөгөн кызматы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0