БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен болгон жолугушуусуна катышты.
Сариев Тажикстанга иш сапары менен кечээ, 29-октябрь күнү жөнөп кеткен.
Жолугушууда тажик президенти Рахмон жыйын катышуучуларын ийгилик каалады.
"Дүйнөлүк каатчылыктан улам КМШ өлкөлөрү саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык жааттагы маселелерди биригип чечүүсү зарыл. Ишиңиздерге ийгилик каалайм", — деди өлкө башчы.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибиндеги маселелер алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген чөйрөдө талкууланмакчы.
Тажикстандын борбор калаасы Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери кезектеги жыйынга чогулушту.