БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору Максуда Айтиева кызматынан бошотулганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев кол койгон.
Маалыматка ылайык, Айтиеваны кызматтан алуу сунушун Маданият, маалымат жана туризм министрлиги берген.
Башка буйрук менен компаниянын жетекчилик милдети башкы директордун орун басары Айбек Мусаевге жүктөлдү.