БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясын түзүү укугун КСДП фракциясына берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет жетекчиси аталган фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековду кабыл алып жатып, мамлекеттик бийликтин башкы милдети Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга карата түзүлгөн Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу экенин баса белгиледи.
Коюлган милдеттерди так аткаруу үчүн парламенттик коалициянын жаңы түзүлө турган өкмөт менен эриш-аркак иш алып баруусу зарыл экенин кошумчалады.
Парламенттик көпчүлүк коалициясы 15 күндүн аралыгында түзүлүшү шарт.