БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Милиция кызматкерлери түрмөдөн качкандарды түнү бою издедии. Азырынча алар кармала электигин Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, №50 түрмөдөн 11-октябрдын түнүндө тогуз киши качып чыгып, түрмөнүн үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылган. Жарадар болгон кызматкер 15-октябрда ооруканада каза болду. Качкандардын бешөө атайын операция учурунда кармалган. 16-октябрда алардын бирөө Данияр Кадыралиев "Дордой-1" жаңы конушунан жок кылынган. Учурда үчөө изделүүдө.
Милиция шектүү аймакты түнү менен күзөтүп чыкты. Бирок, азырынча түрмөдөн качкандар кармала элек. Бүгүн да издөө иштери улантыла турганын ИИМден кошумчалашты.