БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстанга иш сапар менен жөнөп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Атамбаев 16-октябрь күнү КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык Жогорку Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышат.
Жыйындар Казакстандын Бурабай поселогунда өтөт.