Жумгалда жол кырсыгына себепкер айдоочу эки жумадан кийин табылды

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыл-Жылдыз айылынын жолунан өтүп бара жаткан кишини коюп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочу "Мерседес-Бенц 180" үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Нарындын Жумгал районунда кишини сүзүп качып кеткен айдоочу эки жумадан кийин табылганын ИИМ билдирди.

Кантка бараткан жолдо үч машина кагышып, бир киши каза болду
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Кызыл-Жылдыз айылынын жолунан өтүп бара жаткан кишини коюп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Анын натыйжасында кырсыкка себепкер "Мерседес-Бенц 180" үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу кармалган. 

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, машина унаа токтотуучу жерге коюлду. Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0