БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. ИИМдин атайын дайындоо бөлүгүнүн кызматкери Майрамбек Тентиев каражаттын жоктугунан тай боксу боюнча Азия чемпионатына бара албай калганын аталган мекеме билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Кара-Балта шаарында тай бокс боюнча сүйүүчүлөр арасында Кыргызстандын биринчилиги өткөн. Анда Тентиев жеңишке житишип, 3-10-октябрь күнү Индонезияда өткөн чемпионатка жолдомо алган.
Мекеменин маалымат катчысы Айбек Сариев керектүү акчанын жалпы суммасын тактаган жок.