Отургучтары сынган эл өкүлдөрүнүн ойлору же келе элек жатып кесирлүү аталган парламент

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив
Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
VI чакырылыштын депутаттары азырынча мурунку кесиптештеринин эски креслолоруна отуруп ишин баштай турган болду.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйындар залынагы креслолор кандай абалда болсо, VI жаңы чакырылыштын депутаттарына ошол боюнча калтырылат. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ЖКнын Иш башкармалыгынан билдиришти.

Отургучтагы портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы келе турган депутаттар эски креслолорго эле отурмай болду
Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы бюджеттин эсебинен 2,6 миллион сомго парламенттин жыйындар залына 120 кресло сатып алууга тендер жарыялаган. Буга коомчулуктун нааразы пикирлердин толкуну жаралып, ал ЖК төрагасынын буйругу аркасында тендердин жокко чыгарылышы менен токтоду. 

Ошентип, жаңы депутаттардын бир катары сынган креслолорго отуруп, алгачкы ишин баштамай болду. Коомчулук бул чакырылыштагы эл өкүлдөрүн келбей жатып миллиондорду жамбашына төшөгөн кесирлүү депутаттар деген пикирин айтып да жибергенге жетишти. 

Анткен менен, эл өкүлдөрүнүн бир катары коомчулуктун ЖК депутаттарына жаңы кресло алуу боюнча мындай реакциясын парламенттин ишине ыксыз киришкендик катары баалашты. Алардын бири — ЖКнын V чакырылышына "Ар-Намыс" фракциясынан депутат болгон, азыркы парламентке Кыргызстандын социал демократтар партиясынан бара жаткан Кожобек Рыспаев. Анын айтымында, жыйындар залындагы отузга жакын кресло чынында эле сынык. 

"Сынган, отурганга болбой калган креслолорду албетте, алмаштыруу зарыл. Чарбанын иши деген бар, аларды жүргүзүш керек. Буюм деген сынат, эскирет да. Биздин коомчулукта кээ бир учурда аягына чейин түшүнбөй туруп, ызы-чуу кылган адат болуп баратат. Мен бул маселе боюнча, көңүл коюп, карап чыктым. Жаңылбасам, сынып, жешилип, иштебей калган 23-30га чукул кресло бар экен. Аларды алмаштырыш керек да", — деди Рыспаев.

Отурган креслосу иштебей калып, оңдоткон депутаттардын бири, "Республика" фракциясынын өкүлү, учурда ЖКга "Кыргызстан" партиясынан бара жаткан Нурбек Алимбеков отургучту оңдотуп алып урунса болот деген пикирде. 

"Менин отурган креслом 4,5 жыл колдонгондон кийин өйдө-ылдый кылчу функциясы иштебей калып, аны кайра оңдотуп беришти. Менимче, 120 отургучтун баарын сөзсүз жаңылап чыгыштын зарылдыгы жок. Ал эми сынып, таптакыр эле жарабай калды дегендерин албетте, алмаштырыш керек. Оор салмактуу депутаттар бар, андай учурларды эске алуу да керек. Менимче, тендерди жокко чыгарган туура эле болду. Келбей жатып эле 2,6 миллион сом короткон ыксыз болуп калат го", — деди Алимбеков. 

Дагы бир эл өкүлү, соңуна чыгып бараткан чакырылышта "Республика" фракциясынан депутат болуп, эми "Өнүгүү-Прогресстен" келе жаткан Мирлан Бакиров тендер жарыялабай, ызы-чуу кылбай туруп, зарыл сандагы креслолорду сатып алса болорун айтты.

"Кресло болгондон кийин эми эскирсе керек, бирок жаңы чакырылышка баарын сатып алып кереги жок эле. Сынгандары болсо, маселен, 10-20 дейли, акт түзүп, жаңысын сатып алса коомчулук да туура түшүнмөк. Башкасы эле эмес, муну мен деле туура эмес кабыл алдым", — деди Бакиров. 

Эл өкүлү Сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык, наркы 500 миң сомго чейинки продукцияларга тендер жарыяланбай тургандыгын айтты. Кийин ал сумма дагы көбөйгөндүгүнө токтолду. 

"Сатып алуулар боюнча жаңы мыйзам кабыл алынган, эгер жаңылбасам, анын негизинде бир миллион сомго чейин тендер жарыялабай эле алганга мүмкүнчүлүк бар", — деп кошумчалады Бакиров.

Ошентип, алтынчы чакырылыш азырынча мурдагы кесиптештеринин эски креслолоруна отуруп ишин баштай турган болду. Миллиондорду чапчыган отургучтардын мындай ызы-чуулуу жагдайынан, ЖК төрагасынын кабары болгон эмес деген билдирүүлөрдөн кийин, парламенттин иш башкармалыгы кресло боюнча "ишин" азырынча баштабай тургандай абалда калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0