БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Медина — Ош багыты боюнча Ош облусунан учуп кетишкен зыяратчылардын алтынчы тобу кечээ кечинде Кыргызстанга кайтып келгенин Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул аба каттам менен Өзгөн, Алай, Араван райондорунан бир, Баткен облусунан бир топ, жалпысынан 200 зыяратчы ажылык амалдарын аткарып кайтты. Бүгүнкү күнгө карата Ош облусунан жалпысы 910 жаран мекенине кайтты.
Ажылык сапар Кыргызстанда августтун аягында башталып, зыяратчылардын алгачкы тобу 25-августта Ош шаарынан учкан.