Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин жаңы өкмөт эң көп дегенде бир айда иштей баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоого бараткан Бишкек жашоочулары. Архив
Шайлоого бараткан Бишкек жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-октябрдагы шайлоодо алты партия – КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү – Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" жети пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жеткен.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Парламентке болгон шайлоонун жыйынтыгы расмий чыккандан кийин жаңы шайланган депутаттар 15 күндүн ичинде биринчи жыйынга чогулушу керектигин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев билдирди.

4-октябрдагы шайлоодо алты партия – КСДП, "Республика Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү – Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" жети пайыздык босогодон өтүп, жеңишке жеткен.

Сариевдин айтымында, коалициялык көпчүлүктү түзүү боюнча тапшырманы президент фракциялардын бирөөсүнө тапшырат. 

"Ал фракция 15 күндүн ичинде 60 депутаттан көп болгон көпчүлүк коалицияны түзүп, парламентке премьер-министрдин талапкерлигин жана өкмөттүн түзүмүн, жаңы курамын, программасын бекитүүнү сунуштайт", — деди ал.

Шайлоо участогунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко 31 арыз жана 6 кайрылуу түштү
Сариев ошондой эле, эгер парламент көпчүлүк коалициянын сунушун колдобосо, президент кайрадан башка фракцияга 15 күндүн ичинде коалициялык көпчүлүктү түзүү тапшырмасын президент берет деп кошумчалады.

КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун буга чейин айткандарына таянып Сариев парламенттик көпчүлүктү түзүү мүмкүнчүлүгүн президент социал-демократтарга бериши толук ыктымал экенин айтты.

"Президент көпчүлүктү түзүү мүмкүнчүлүгүн КСДП партиясына бере турганы эч кимге деле жашыруун болбой калды", — деди ал.

Ал эми КСДП фракциясы түзө турган көпчүлүк коалициянын курамына кимдер кирерин болжоп айтуу кыйын экенин кошумчалады.

Акылбек Сариевдин айтымында, жаңы өкмөттүн башында азыркы премьер-министрдин калышы же калбашы президенттин көз карашына жараша болот.

"Өкмөт башчысын сунуштап, дайындоо кандайдыр бир критерийлер менен эмес, жеке көз караштын негизинде жүрөрүн баарыбиз эле көрүп калдык. Менимче, бул тартиптен эч ким алыс кетпейт", — деди БШКнын мурдагы төрагасы. 

Социалдык тармакта жаңы депутаттарга арналып алына турган 120 кресло боюнча флешмоб башталды
Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын 24-октябрга чейин жарыялай турганын билдирди. Ошондой эле  парламентке келчү партиялар азыр өз тизмесине өзгөртүү киргизип, жаңылап жаткан учуру.

Эгер көпчүлүк коалиция биринчи аракет менен эле дароо түзүлүп, мандатты тапшыра алса, анда жаңы өкмөт эң көпкө созулду дегенде бир айдын ичинде иштей баштайт. Ал эми парламенттик көпчүлүктү түзүү аракеттеринен майнап чыкпай, президент фракцияларга үч жолу мандат тапшырса, бул аракеттер эки айга чейин созулуп кетиши ыктымал. Ошол эле учурда парламенттик көпчүлүктү түзүү, өкмөттүн жаңы түзүмүн жана курамын бекитүү бир жуманын ичинде деле ишке ашып кетишин күтүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0