БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин борбордук аппарат бөлүмүнүн башчысына карата кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызматкер 2011-жылдын март айында биргеликте бизнес жасоо шылтоосу менен жарандын ишенимине кирип, 3 миллион 325 миң сомун алдап алып алган.
Мындан улам УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бөлүм башчыга карата "Алдамчылык" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.