БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Чүй облусунда чек арадан өткөрүү пунктунан тыш өтүүгө аракет кылган жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган адам Кыргызстандан Казакстанга өтүө аракет кылган. Текшерүү учурунда анын аты-жөнүн тактоочу документтер болгон эмес. Өзүнүн айтымында, ал Казакстандын жараны болуп эсептелет.
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМК бөлүмүнө өткөрүп берилди.