БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Пакистандык легионер, "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мухаммед Адыл кышында англиялык клубга өтөрүн The Telegraph басылмасы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы футболчу "Дербишир" графтыгындагы "Дерби Каунти" клубу жай мезгилинде аны менен келишим түзүүгө аракет кылып келгенин өзү билдирген.
"Июнь айында "Дордой" менен алты айга келишим түзгөм. Англиялык клубдан сунуш андан кийин түштү. Мен алгач "Дордойдон" кетүүнү каалаган жокмун, анткени мен бул жерден профессионалдык деңгээлим өстү. Буга карабастан, мен бул клубдан жакшы маанай менен кетүүнү каалар элем", — деди Адыл.
Система учурда аталган оюнчунун башка клубга өтүүсү боюнча сурам келип түшпөгөнүн аныктап чыккан. Адылга болгон укук "Дордой" клубуна таандык.
Футболчунун өзү менен Sputnik агенттиги байланыша алган жок.