Баткенде аялдарды үйдө сабырдуу болууга, чыр-чатактарды жайгарууга үйрөтүштү

© Авлиёев ФуркатБаткен шаардык хатибияты "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фонду Баткен облустук казыяты менен биргеликте аялдардын үй-бүлөдөгү ролу туурасында жолугушуу өткөрдү
Баткен шаардык хатибияты Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду Баткен облустук казыяты менен биргеликте аялдардын үй-бүлөдөгү ролу туурасында жолугушуу өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөнү бекемдөөгө арналган жыйынга Баткен аймагынан 25 кыз-келин жана облустук мечиттин имамы, эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышты.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Баткен шаардык хатибияты "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фонду Баткен облустук казыяты менен биргеликте аялдардын үй-бүлөдөгү ролу туурасында жолугушуу өткөргөнүн  Баткен облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматы билдирди.

"Үй-бүлөнү бекемдөөдө аялдардын ролу" деп аталган бул жыйынга Баткен шаарынын Чек, Кызыл-Бел, Кара-Бак жана Самаркандек айылдарынан 25 кыз-келин катышты.

"Иш-чаранын максаты — үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алып жана аларды тынчтык жолу менен чечүүгө багыт берүү жана аялдардын үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөдөгү ролун түшүндүрүү",— деп билдиришти аталган казыяттын маалымат кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө, андан сырткары, аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду, милдеттери, укуктары, артыкчылыктары жөнүндө сөз болду. Үй-бүлөдө чыр-чатактар эмне себептен келип чыгат жана ал чыр-чатактардын алдын алууда, чечүүдө аялдардын орду канчалык деген темада кеңири талкуу жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0