БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте күч колдонуп уюлдук телефон менен 10 миң сом өлчөмүндө акчасын тартып алган 22 жаштагы эки кыз кармалганын шаардык ИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга ошол эле курактагы кыз аны саат 22.00дө Жаш гвардия жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен эки кыз ур-токмокко алып тоноп кеткени тууралуу арыз менен кайрылган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында тоноочулукка шектелип, Бишкектин жаңы конуштарынын биринде жашаган Алина жана Мээрим аттуу кыздар кармалган.
Бул факт боюнча учурда тергөө амалдары башталды.