Учурда жаңы үзүлгөндөрү 24 сомдон сатылып жатканын, ал эми кургатылгандары 100 сомдон ашарын айылдыктар айтууда.
Жергиликтүү тургун Гүлбарчын Ташбаева быйыл 60 жашик ашык кара өрүк терип саттым дейт.
"Быйыл түшүм жакшы, кайналы (авт. — кара өрүк) жакшы чыкты. Эл катары аны терип сатып жатабыз. Учурда 500 килограммдай кайналыны кургатып койдук, дагы ушунчаны кургатып алсак деген оюбуз бар", — дейт Гүлбарчын.
Айыл тургундарынын айтымында, кара өрүктү шыйпырга, цементтелген жерге жана атайын серелерге жайса, жакшы кургайт.