БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош облусу менен Ош шаарында 1-октябрдан тарта жеке курам кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өттү, андан сырткары, элдик кошуундун мүчөлөрү да нөөмөттө турушат. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Бүгүн шайлоо участкаларында коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча элдик кошуундардын Ош шаары жана Ош облусу боюнча 6896 мүчөсү тартип коргоо органдардынын өкүлдөрү менен бирге көзөмөл жүргүзөт. Ар бир участокто алтыдан кем эмес Ички иштер жана фискалдык органдардын кызматкерлери коюлган",— деп билдирди Ашырбаев.
Ал Ош обулусунда 284, ал эми Ош шаарында 80 шайлоо участкасы бар экендигин кошумчалады.