БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бүгүн республика боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берүү болуп жатат. 19 миң 162 шайлоочу өз добушун шайлоо күнү эмес, мөөнөтүнөн мурда берүү ниети боюнча арыз менен кайрылган.
Жекшемби күнү, 4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. Ага биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 миллион 761 миң 269 шайлоочу катышат.
Мындай арыз менен кайрылгандардын көпчүлүгү шайлоо күнү шайлоо участкаларына ден соолугуна байланыштуу бара албай тургандар. Аларды аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, партия өкүлдөрү жана Жалпыга маалымдоо каражаттары үймө-үй кыдырып, добуш бердиртишти.