Көк-Жар жаңы конушунда 180 батирлүү тогуз кабаттуу эки турак жайдын курулушу 2014-жылы башталып, ага жалпы жонунан 258 миллион сом жумшалган.
Президент өз сөзүндө укук коргоо кызматкерлери үчүн үй куруу иштери келерки жылы да улантыларын белгиледи.
"Жакын Беловодское айылында бир үйдү пайдаланууга беребиз. Андан кийин Ош шаарында дагы 60 милиция кызматкерин жаңы турак жайдын ачкычын тапшырабыз", — деди өлкө башчы.
Милиция кызматкерлерине ден соолук, кажыбас кайрат каалап, өлкө башчы ички иштер министри Мелис Турганбаевге балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сом берди.