Муфтий: добушту акчага сатуу коррупциянын эң ыплас түрү

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев. Архив
Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият жана муфтий шайлоо тынч, адилет, таза ынтымакта өтүшү үчүн эч кандай чагымдарга жол бербейли деген чакырык таштады.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев парламенттик шайлоо алдында мусулмандарга кайрылып, шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып жана ар кандай чагымчылыктарга алдырбоону айтты. Бул туурасында Муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

"Бул өтө маанилүү жана олутуу иш-чара, себеби Кыргызстандын тагдырын, келечегин оңдоого кишилер келет. Ошондуктан, адилеттүү, жөндөмдүү, билимдүү, тажрыйбалуу, өзүнүн кызыкчылыгынан мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон талапкерлерди шайлообуз ар бирибиздин милдетибиз. Адилеттүү шайлоо бул ибаадат, буга сооп берилет, ал эми адилетсиздик кылуу бул кыянаттык", — деп айтылат Муфтият тараткан маалыматта. 

Депутаттык бул акылуулук эмес, жоопкерчилик экенин белгилеген муфтий, саясий жеңилүү, же жеңүү жана аны дүнүйөнүн бир оюну деп түшүнүү өтө чоң ката деди.

"Добушту акчага сатуу коррупциянын эң ыплас түрү, арзыбаган бир аз дүнүйө үчүн мамлекетке жана динге душмандык кылуу. Башкалардын дүнүйөсүн кооздоо үчүн өзүнүн динин курмандыкка чалуу канчалык мал, дөөлөткө болсун эч кандай акылмандык, даанышмандык эмес", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Муфтият шайлоо тынч, адилет, таза ынтымакта өтүшү үчүн эч кандай чагымдарга жол бербейли деген чакырык таштады.

"Диний баалуулуктарды, улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бирге, элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин туруктуулугуна, өнүгүп-өсүүсүнө баардыгыбыз биргеликте салымыбызды кошолу. Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта, улут-урууга бөлүнүп жарылбай, чагысчылдык иш-чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен шайлоону өткөрөлү", — деп айтылган кайрылууда.

Парламенттик шайлоо жекшемби күнү, 4-октябрда өтөт. Ага 14 саясий партия ат салышууда. Бүгүн үгүт иштеринин акыркы күнү болуп жатат. Эртең өлкөдө жымжырттык күнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0