БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Борбор калаанын айрым районунда 2015-жылдын 5-10-окттябрь күндөрү көгүлтүр от берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Баку, Новосельская, Красный строитель көчөлөрүнүн ана тери заводунун аймагына жаратылыш газы берилбейт.
Ишкана көгүлтүр от жер алдындагы түтүктөрдүн газ чыккан жерлерин оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлө турганын белгилейт.