Россиянын Сириядагы согушкерлерине абадан сокку урушуна батыш аргасыз макул болду

© Sputnik / Павел Герасимов / Медиабанкка өтүүСу-24 учагы. Архив
Су-24 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыш өлкөлөрү "Ислам мамлекетине" сокку уруу жөнүндө Россиянын чечимин анчейин эле колдошту. АКШнын мамлекеттик катчысы Россия тарапты Башар Асадды колдоодо этият болууга чакырды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Ислам мамлекетине" абадан сокку уруу жөнүндө Россиянын шаршемби күнкү чечими Бириккен улуттар уюму үчүн да эң башкы жаңылык болду. 

Ошого карабай, Батыш өлкөлөрү бул кабарды өтө токтоолук менен кабыл алышты. Албетте, "алардын талаасында" жаңы оюнчунун пайда болушу эч кимисин кубанткан жок. 

Сирия Коопсуздук кеңешинде

РФ Сириядагы Ислам мамлекетинин объекттерине алгачкы авиа соккуларынын видеосун жарыялады
Бул маселе негизинен БУУнун Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Аймактагы абал олуттуу экенин эске алып, россиялык тарап иш-чарага аталган кеңешке кирбеген көп өлкөлөрдү чакырган. Ошондой эле Европа биримдиги менен ЕККУнун өкүлдөрү да болду. 

Башында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин ордуна катышып отурган Американын БУУдагы туруктуу өкүлү Саманта Пауэрди каралып жаткан маселе анча кызыктырган жок көрүнөт, ал уюлдук телефонуна үңүлүп алып бир нерсе жазып эле отурду. 

Отурумду ачкан РФ ТИМинин башчысы алгач Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкалагы абалга жалпы баа берди. Лавровдун айтымында, ал жерлерде кырдаал өтөт курч, аны эл аралык коомчулуктун жалпы күчү менен гана жөнгө салууга болот.

"Биз бүгүн копсуздук кеңешине ушундай резолюциянын долбоорун сунуштайбыз. Анда кеңештин мурдагы документтерине таянуу менен, эл аралык ченем-укуктардын негизинде терроризмге каршы теске салынган иш-аракеттер каралган", — деди Лавров.

Ал "Ислам мамлекети" АКШ менен айрым Батыш өлкөлөрү эсептегендей, "Аль-Каиданын" бөлүгү эмес, өз алдынча террористтик топ катары таанып, ага каршы санкцияларды киргизүү керектигин айтты. "Ислам мамлекетин" БУУнун коопсуздук кеңешинин терроризмге каршы санкциялык тизмесине өз алдынча бирдик катары киргизүү керек деп эсептейбиз. Бул айдан ачык маселенин чечилишин кечеңдетүү биздин уюмдун терроризмге каршы аракеттерин артка тартууда", — деди россиялык министр.

"Ислам мамлекети", чет элдик согушкерлер ж.б. жөнүндө кеп кылып жатып, Лавров тек гана сөз арасында: "30-сентябрда Сирия жетекчилигинин кайрылуусуна байланыштуу президент Владимир Путин РФтин куралдуу күчтөрүн Сирияда колдонууга уруксат сурап Федерациялык кеңешке кайрылып, анын макулдугун алды", — деп кошуп кетти. 

"Биз бул тууралуу АКШга жана башка ал түзгөн коалиция мүчөлөрүнө кабар бердик, ошондой эле террористтик топторго каршы күрөш мүмкүн болушунча натыйжалуу жүрүшү үчүн туруктуу байланыш каналдарын орнотууга даярбыз", — деп кошумчалады ал.

Батыш макул, бирок кооптонуп да турат

Лавровдун батыштагы кесиптештери бул кабарга эки анжы мамиледе болушту. Кыязы, алар Россиянын Сирияда аскердик катышуусун жактырбайт, бирок буга каршы орчундуу себеп табууга үлгүрбөй калышты көрүнөт. Ошондуктан, аргасыз ооз учунан макулдугун беришти.

Ирандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иран: Россиянын авиациясынын Сириядагы соккусу ИМге каршы күрөштөгү олуттуу кадам
Кечирээк келген Керри, мисалы, Россия башка максаттарды көздөбөстөн, чындап эле "Ислам мамлекетине" каршы тургусу келип жатат чыгар деген үмүтүн билдирди. "Эгер Россиянын акыркы аракеттери бул террордук уюмду жеңели деген чыныгы ниетин билдирсе, АКШ террористтик топторго, айрыкча, "Аль-Каидага" "Жебхат-ан-Нусрага" каршы чын дилден жасалган бардык аракеттерди колдойт", — деди ал. 

Ошону менен катар, ал Россия тарапты президент Башар Асадды колдоодон сак болууга чакырды. "Сириядагы жарандык согушка жоопту Асад менен аскердик шериктештик аркылуу табуу мүмкүн эмес. Бирок мен бийликти саясий жол менен өткөрүп берүү жөнүндө дипломатиялык демилгелер аркылуу жолун табууга болот деп ишенем", — деди Керри. 

Ал эми Улуу Британиянын ТИМ башчысы Филип Хаммонд: Россиянын "Ислам мамлекетине" каршы күч колдонуу ниетин жактыра турганын айтып, бирок: "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүп жатып, ошол эле күчтөр менен Асадга каршы турган орто маанайдагы оппозицияга кол салуу мүмкүн болбойт. Ачыгын айтканда, Сириядагы азыркы бийликти колдоо менен ИМге каршы натыйжалуу күрөштү айкаштыруу мүмкүн эмес. Бул моралдык эмес, прагматикалык баа", — деди ал.

Француз дипломатиясынын жетекчиси Лоран Фабиус да Коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып, ашыкча кубанычын билдире алган жок. "Абадан соккулар чынында эле террористтерге каршы багытталганын текшеришибиз керек. Эгер ошондой болсо, биз колдойбуз", — деди ал.

Россия менен АКШ өз ара байланышта болот

Сирияда окуялардын мындан аркы өрчүшүн Россия менен АКШнын эки тараптуу байланышы аныктай турганы айкын. Бул боюнча дипломатиялык чоң иш жүргүзүлдү. "Президенттер Путин менен Обаманын жолугушуусу көрсөткөндөй, эки тарап тең тыгыз кызматташтык керек экенин түшүнөт. Бул Сирия маселесине да тийиштүү", — деди күн жыйынтыгы боюнча Лавров.

Россия Дамасктын өтүнүчү менен Сирияга аскер авиациясын жөнөттү
Керринин айтымында болсо, Москва менен Вашингтондун айрым бир жалпы көз караштары бар. "Сирия демократиялык, бирдиктүү жана светтик өлкө бойдон калышы үчүн бардык аракеттерди көрүш керектигин биз түшүнөбүз. Бул боюнча макулдашууларга жетиштик. Ушул багытта иштеп, өз ара байланышта болобуз", — деди ал.

Бирок бардык пункттар боюнча макулдашты деп айтууга болбойт. "Биз саясий процессти турукташтыруу кадамдарын талкууладык жана Сирия бардык дин өкүлдөрүнүн укуктары урматталып, мамлекет тарабынан кепилдене турган коопсуз өлкө болсо деген бир ойдобуз. Бирок ушул эле маселелердин майда-чүйдөсүнө келгенде, пикир келишпестиктер бар", — деди Лавров.

Асаддын атаандаштарына каршы сокку урулбайбы деген Батыштын кооптонуусуна Лавров: "Биздин аскердик аба күчтөр Сирияда өкмөттүк күчтөр менен байланышып, ИМге тиешелүү маселелер боюнча гана иштейт", — деп жооп берди.

Ошону менен катар ал Россияга кайсы бир күнөө коюда же АКШ, же анын шериктештери бир да далил келтире алышпайт деп кошумчалады. "Биздин америкалык өнөктөштөр максатыңар башка, бизде далил бар демиш эле болот. Бирок биз далилиңерди көрсөткүлө десек эле эч нерсе жок болуп чыга келет. Ал эми биз өз максаттарыбыз үчүн толук жооп бере алабыз. Дагы бир жолу кайталайм. Коргоо министрлигинин сайтында баары түшүндүрүлгөн. Соккулардын кесепетинен кайсы бир аскер эмес, жарандар жабыркады деген кептер башталды, бизде мындай маалымат жок. Соккулар террористтердин турган жерлерине, алардын объектилери менен куралдуу күчтөрүнө гана каршы так, даректүү урулушуна биз өтө кылдат көз салабыз", — деп сөзүн аяктады Лавров.

Ситуация в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Асаддын токтоосуз кетиши Сирияны кыйроого учуратарына АКШнын көзү эми жетти
Мурдараак РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Сирияда Россиянын аба күчтөрүнун соккусунан карапайым элдин арасында курман болгондор бар деген билдирүүнү бул тек гана маалыматтык согуштун бир бөлүгү деп атаган. Россиялык авиация Хомс аймагында сокку урду деген расмий маалымат жок. Анан калса, шаршембиде АКШ баштаган коалициянын күчү да Сирияда ИМге каршы абадан сокку урганы белгилүү. Ошону менен катар Пентагондун башчысы Эштон Картер россиялык соккулар карапайым элди өлүмгө дуушар кылды деген сириялык оппозициянын билдирүүлөрүн ырастаган жок. Ал эми Россиянын Коргоо министрлиги шаршемби күнү орус учактары Сириядагы жарандык инфраструктура объктилерине жана аларга жакын жерлерге эч сокку урбаганын, ал эми ИМдин жайгашкан жерлерине аба чалгыны жүргүзүлүп, сириялык аскер штабынан алынган маалымат такталгандан кийин гана бомба ташталганын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0