БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Карылардын акылы жана тажрыйбасы жаш муундун таянар тоосу экенин вице-премьер Дамира Ниязалиева ардагерлердин эс алуу борборун ачып жатып билдирди.
Маалыматка ылайык, "Ак-Бата" эс алуу борбору Ысык-Көлдүн Түп районундагы Талды-Суу айылында 30-сентябрь күнү ачылды.
Салтанаттуу аземге катышкан Ниязалиева карыларды майрамы жана борбордун ачылышы менен куттуктады.
"Бизге жашоо тартуулап, каада-салтыбызды сактап келген улуу муунду эч качан унутпашыбыз керек. Кыргыз эли эзелтеден карыларын урматтап, барктап келген. Биз алардын акылын, тажрыйбасын пайдаланышыбыз керек", — деди вице-премьер.
Жыйында мындай борборлор Кыргызстандын башка аймактарында да ачылышы керектиги белгиленди.