БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 17 жаштагы баланын чөнтөк телефонун жана 140 сомун тартып алган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирет.
Жабыр тарткан 17 жаштагы бала милицияга арыз менен кайрылган. Ага ылайык, дүйшөмбү күнү, 28-сентябрда түнкү саат 9.20лар чамасында Рыскулов жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде азиялык улуттагы эки жаран анын чөнтөк телефонун жана 140 сомун тартып алган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө бул ишке шектүү делип Чүй облусунун эки жараны кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.