БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстандын борбор калаасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтө турганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
СССРдин жана Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу Александр Ремезовдун элесине арналган турнир 21-25-октябрь күндөрү Раатбек Санатбаев атындагы атайын олимпиадалык резерв мектебинин залында өтөт.
Маалыматка ылайык, мелдештин "Олимпиадачылар биздин арабызда" деген ураан алдында өтүүсү күтүлүүдө. Медалдар үчүн Кыргызстандын ар аймагынан жана КМШ мамлекеттеринен 17-20 жаштагы балбандар күч сынашат.
Катышуучулардын акыркы тизмеси турнирге жакын маалым болот.