00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Атамбаев карылардын жана майыптардын мекемелерине акчалай жардам көрсөттү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев карылар жана майыптар үчүн социалдык алты мекеменин жетекчилери менен.
Президент Алмазбек Атамбаев карылар жана майыптар үчүн социалдык алты мекеменин жетекчилери менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы кийинки муун улууларга карыздар экендигин айтып, ар бир карыя камкордукту сезгидей иштерди жасаганга милдеттүү деп белгиледи.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улгайгандардын эл аралык күнү белгиленер алдында карылар жана майыптар үчүн социалдык алты мекеменин жетекчилерине акча сертификаттарын тапшырды.

Атамбаев: ушул күнү ар кимибиз өз энелерибизди эстейли
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык стационардык мекемелердин директорлору өз көйгөлөрү, тактап айтканда, таза суу, керектүү тиричилик техникалары менен камсыздоо маселесин, ошондой эле имараттарын оңдоп-түзөө маселелери жөнүндө айтып беришти.

Атамбаев карылар менен майыптардын стационардык мекемелериндеги көйгөлүү маселелерди чечүү үчүн зарыл  жардамдарды көрсөтүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысы карыларыбыз жаратмандардын мууну, алар Кыргызстанга эмгектеги жана согуштагы каармандыктын үлгүсүн көрсөткөн, акылкөй, чыныгы мекенчил, туулган жерин ардактаган адамдар экендигин белгиледи. 

"Алар өлкөнүн келечеги үчүн иштеген. Бүгүн республикабыз сыймыктанган, бардык жакшы нерселер алардын колунан жаралган. Биз аларга карыздарбыз, ар бир карыябыз камкордукту сезгидей иштерди жасаганга милдеттүүбүз", — деди Атамбаев.

Президент стационардык мекемелерде жашаган карыларга аяр мамиле жасап, камкордук кылуу өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты.

Жалпы суммасы 4 млн. 900 миң сомго керектүү техникалык каражат жана турмуш-тиричилик техникасын сатып алуу үчүн сертификаттар төмөндөгү мекемелерге тапшырылды:

Сариев кызды куткарам деп өзү чөгүп кеткен Исмаевдин үй-бүлөсүнө жардам берди
 Нижне-Серафимовкадагы карылар жана ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык стационардык мекемеси; 

—  Бишкектеги карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекеме; 

—  Бакай-Атадагы карыларды жана майыптарды реабилитациялоо мүнөзүндөгү социалдык стационардуу мекеме; 

—  Сүлүктүдөгү карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекеме; 

— Сузактагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекеме; 

—  Токтогулдагы карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекеме.

Андан тышкары, аталган социалдык стационардык мекемелерге Улгайгандардын эл аралык күнүнө байланыштуу майрамдык сый тамакты уюштуруу үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан жалпы суммасы 550 миң сомдук каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0