БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында мезгил-мегили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда тонголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо абанын температурасы 0…-5 градус суук болот.
Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.