БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын уруксаты жок сатылып жаткан китептер Ат-Башы районунда аныкталды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
Китептер Ат-Башыдагы "Береке" базарында жайгашкан ислам дүкөнүндөрүнүн биринде сатылып жаткан. Алынган китептер текшерүүгө жиберилди.