Сауд Аравиядан Равшан Эратов: тепсендиде калгандардын арасында кыргызстандыктар жок

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHСауд Аравиясынын медиктери жабыр тарткандарга жардам берип жатышат. Архив
Сауд Аравиясынын медиктери жабыр тарткандарга жардам берип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-сентябрь Курман айт күнү Мина өрөөнүндө шайтанга таш ыргытуу амалдарын аткаруу учурунда элдин агымынан жүздөгөн адамдар тепсендиде калган. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 717ге жетип, жабыр тарткандар 900дөн ашкан.
Сауд Аравиядан Равшан Эратов: тепсендиде калгандардын арасында кыргызстандыктар жок

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кечээ Мина өрөөнүндө болгон каргашалуу окуяда бир да кыргызстандык зыяратчы жапа чеккен жок. Бул тууралуу учурда Мекке шаарында жүргөн муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов Sputnik агенттигине билдирди.

24-сентябрь Курман айт күнү Мина өрөөнүндө шайтанга таш ыргытуу ырымын аткаруу учурунда жүздөгөн адам тепсендиде калган. Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 717ге жетип, жабыр тарткандар 900дөн ашкан.

"Кыргызстандык бардык зыяратчылар сак-саламат. Кудайга шүгүр, кечээ болгон каргашалуу окуяда бир да кыргызстандык каза богон жок. Кырсык 204-көчөдө чоң шайтанга таш атууга бараткан жолдо болгон. Кыргызстанга белгиленген убакыт 10.30дан кийин болгондуктан жана алардын бара турчу жолу бул көчө менен кесилишпегендиктен бир да мекендешибиз жабыркаган жок", — деди ал.

Учурда кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүндө. Күндүн ысыгы 54 градуска чейин жеткендиктен, сыркоологондор бар экенин Эратов кошумчалады. Аларга зыяратчыларды коштоп келген кыргызстандык дарыгерлер медициналык жардам көрсөтүп жатат.

Жалпысынан алганда кыргызстандыктардын абалы жакшы экенин Эратов баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0