БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Айрым коомдук уюмдар менен кыймылдар утулган партияларга кошулуп, абалды туруксуздаштырууга даяр экенин республикалык штабдын жыйынында КМК жетекчиси Бусурманкул Табалдиев билдирди.
Анын айтымында, учурда мындай партиялардын бир нечеси аныкталды.
"Кырк чоро", "Элдик фронт" сыяктуу коомдук уюмдар кырдаалды олку-солку кылууга даяр", — деди Табалдиев.
УКМК жетекчиси айрым кыймылдардын лидерлери менен курч кырдаалдардын алдын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн маалымдады.
Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого 14 саясий партия катышат.