БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-сентябрда өлкөнүн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт намазга катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, айт намаздан соң президент "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди.
Бүгүн бардык мусулмандар үчүн ыйык деп саналган Курман айт майрамдалууда.