БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жазуучу Казат Акматовдун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сом материалдык жардам берүү боюнча буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен Бишкек шаарында өз үйүндө узак оорудан каза болду. Ал 16-сентябрда Аламүдүн районундагы Байтик айылында жерге берилет.
Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты болгон. Жазуучу быйыл декабрда 74 жашка чыкмак. Ал 1941-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" аттуу чыгармалары эл арасына кеңири тараган. Бир нече чыгармалары англис тилине да которулган.