Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов дүйнө салды

© Абдыкерим МуратовКыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов. Архив
Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл жазуучусу ооруп жүргөндүгүн калемдештери айтты. Быйыл декабрь айында Акматов 74 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов бүгүн эртең менен дүйнө салды. Бул туурасында Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Борбордук Ала-Тоо аянтында Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турдакун Усубалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
Эл жазуучусу ооруп жүргөндүгүн калемдештери айтты.  Быйыл декабрь айында ал 74 жашка чыкмак. Акматов — жазуучу, драматург, коомдук ишмер, Кыргызстандын легендарлуу парламентинин депутаты болгон. 

Акматов 1941-жылы Ысык-Көлдүн Бостери айылында туулган. Анын "Мунабия", "Мезгил", "Күндү айланган жылдар" чыгармалары эл арасына кеңири тараган.

Жазуучунун бир нече чыгармалары англис тилине которулуп, чет элдик окурмандарга тартууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0