БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Сауд Аравиясына ажылык сапарга кеткен Кыргызстандын 71 жаштагы жараны каза болгонун Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, зыяратчыны жубайы коштоп жүргөн. Ал Меккеге кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу менен учуп кеткен.
Муфтият каза болгон жаран өз ажалы менен өлгөнүн, Аль-Харам мечитиндеги кырсыктын ага эч кандай тиешеси жок экенин белгилейт. Буга чейин 107 адамдын өмүрүн алып кеткен кырсыктан кыргызстандык зыяратчылар жабыр тартпаганы маалым болгон.