Алайда замбиректин жарылбаган снаряды табылды

© пресс-служба ГПС КРАлайда табылган замбиректин снаряды.
Алайда табылган замбиректин снаряды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ал жер курчоого алынып, табылган снаряд тууралуу тийиштүү органдарга маалымат берилди.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Макалуу-Дөбө аймагында замбиректин жарылбай калган снаряды табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 122 милимметр калибриндеги снаряд үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Ош облусунун чек арачылары тарабынан табылган.

Учурда ал жер курчоого алынып, табылган снаряд тууралуу тийиштүү органдарга маалымат берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0