00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Бердвотчинг в КР: почему наблюдение за пернатыми не просто хобби, а имеет практическое значение?
08:03
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Количество или качество: чего не хватает туризму Кыргызстана
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө — быйылкы каттоо тартиби кандай?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Шанс или испытание: что даст КР Кубок Азии U-23?
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси
13:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Первобытно-общинный строй как начало социализации — беседа о социуме
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Турак жайды камсыздандыруунун кенемтесин төлөөдө талаптар жеңилдейби?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Айпери, Акжол, Эрназар килемге чыгат — Бишкекте 4-ирет күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Почему в Кыргызстане хотят усложнить создание ТСЖ
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Турак жайды камсыздандыруунун кенемтесин төлөөдө талаптар жеңилдейби?
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Салык кызматы: чек арада жүк ташуунун жол-жоболору жөнөкөйлөтүлдү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЧек ара текшерүү зонасы. Архив
Чек ара текшерүү зонасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик чек ара аркылуу ташылып жаткан товарлардын эсебин алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тартып кыргыз-казак чек арасынын жети өткөрүү пунктунда аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кезмет уюштурулган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуу бир катар жеңилдетилгенин жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сурамжылоо жүк ташуучулардын чек-арадан өтүүдөгү кыйынчылыктарын билүү максатында жүргүзүлгөн. Анда унаанын чек арадан өтүү убактысы, көзөмөл жүргүзүп жаткан кызматтар, коюлган мыйзамсыз талаптар тууралуу суроолор берилген.

"Айдоочулар чек арадан жүк өткөрүүнүн жол-жоболору бир кыйла жөнөкөйлөтүлгөнүн белгилешти. Алардын айтымында, учурда паспорттук көзөмөлдөн тышкары мурдагыдай кошумча документ топтому талап кылынган жок. Азыркы мезгилде фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Чек-араны өтүп бара жатан жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасында импорттоло турган товарларга күнүнө 123 талон толтурулууда
Сурамжылоо жүргүзгөндөр айдоочуларды талон толтурулушу, товар көлөмүн аныктоо критерийи тууралуу маселелер кызыктырарын белгилешти. Бардык суроолорго тийиштүү органдардын кызматкерлери жооп берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тартып Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынган. Ошондон баштап өткөрүү пункттарында 8 миң 107 талон толтурулган, анын ичинен 4 миң 731и импорт, ал эми 3 миң 376сы экспорт үчүн пайдаланылган.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек ара аркылуу ташылып жаткан товарлардын эсебин алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тартып кыргыз-казак чек арасынын жети өткөрүү пунктунда аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кезмет уюштурулган. Кезмет 15-сентябрга чейин улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0