БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанда август айынын ичинде инфляциянын көлөмү 0,3 пайызды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Комитет өкүлү Чынар Турдубаеванын айтымында, азык-түлүктүн баасы бир пайызга, ал эми кызмат түрүнө 0,6 пайызга жогорулаган.
"Мында тамак-аш жана суусундук баасы 0,4 пайызга арзандаган. Демек, жыл башынан бери инфляция керектөөчү секторунда болгону 0,1 пайызды түзгөн", — деди адис.
Инфляциянын төмөнкү көрсөткүчү тамак-аш менен суусундуктары былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 5,5 пайызга арзандашына байланыштуу.
"Муну менен бирге башка товарларга болгон баа менен тариф жыл башынан бери 6,2 пайызга өскөн, алкоголдук ичимдик менен тамеки алты, ал эми кызмат көрсөтүү төрт пайызга жогорулаган", — деди Турдубаева.
Ар ортодо Ички дүң продукциянын көлөмү 250 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 17 миллиард сомго же 6,8 пайызга жогору болгону белгиленди.
Маалыматка ылайык, ИДПнын эң көп үлүшү жалпы көлөмдүн 50 пайызын түзгөн кызмат көрсөтүү тармагына туура келет. Ал эми өнөр жай тармагы 17, айыл чарба 14 жана курулуш тармагы алты пайызды түзгөн.