https://sputnik.kg/20150904/1017962755.html
ИИМ: Бишкекте бомбаны издөө аяктады, көчөлөргө коюлган курчоолор алынды
ИИМ: Бишкекте бомбаны издөө аяктады, көчөлөргө коюлган курчоолор алынды
Sputnik Кыргызстан
Милициянын айтымында, "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнөн жарыла турган шектүү заттар табылган жок. 04.09.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-09-04T22:40+0600
2015-09-04T22:40+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101795/83/1017958371_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_fc3c23f3066e9492a2c6a129f6509cc6.jpg
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкек
кыргызстан, коом, жаңылыктар, бишкек
ИИМ: Бишкекте бомбаны издөө аяктады, көчөлөргө коюлган курчоолор алынды
22:40 04.09.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Милициянын айтымында, "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнөн жарыла турган шектүү заттар табылган жок.
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүкөнүндө" жарылуучу затты издөө иштери соңуна чыкты. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Борбор калаадагы Чүй проспектиси менен Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнүн имаратына бомба коюлду деген маалымат кечки саат 18:46да келип түшкөн. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери имараттан жарылуучу затты издеп тапкан жок.
Бишкектеги Свердлов районунун Ички иштер бөлүмүнөн жарылуу сыяктуу чыккан үн детонаторго таандык экендигин айтышты. Мындай ыкма менен саперлор таштанды челектеги шектүү затты текшеришкен.
Милициядан телефон чалуу жалган болуп чыккандыгын кошумчалашты.