Күз-кыш мезгилине карата көмүрдү казуунун көрсөткүчү жана баалары
23:03
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20150903/1017903018.html
Кыргызстан — Иордания беттешүүсү башка шаарга которулду
Кыргызстан — Иордания беттешүүсү башка шаарга которулду
Sputnik Кыргызстан
Иорданиянын футбол федерациясы оюнду Ирбиддеги стадиондо өткөрүү чечими түшүнүксүз. Эмне себептен оюн талаасы акырына чейин аныкталбай жатканы да кызык 03.09.2015, Sputnik Кыргызстан
Иорданиянын футбол федерациясы оюнду Ирбиддеги стадиондо өткөрүү чечими түшүнүксүз. Эмне себептен оюн талаасы акырына чейин аныкталбай жатканы да кызык
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Оюндун комиссары Омид Жамаили Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы беттешти башка шаарга которгонун футбол федерациясы билдирди.
Буга чейин дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы Кыргызстан менен Иорданиянын беттешүүсү бейшемби күнү Ирбид шаарынын стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10.00дө өтөрү маалымдалган.
Беттешүү Иорданиянын борбору Амман шаарына которулду
Ирандан келген комиссар Омид Жамаили оюн талаасынын абалы начардыгынан улам беттешүүнү Иорданиянын борбору Амман шаарына которгонун федерация билдирди.
"Иорданиянын футбол федерациясы оюнду Ирбиддеги стадиондо өткөрүү чечими түшүнүксүз. Эмне себептен оюн талаасы акырына чейин аныкталбай жатканы да кызык", — деп белгилешти федерациядан.
Кыргызстан менен Иорданиянын ортосундагы оюн Аммандын 25 миң адам бата турган борбордук стадионунда өтөт.