Кыргызстандын партиялары: "Кыргызстан элдеринин конгресси"

Жазылуу
"Кыргызстан элдеринин конгресси" саясий партиясы 2008-жылы негизделип, Адилет министрлигинен 2009-жылы каттоодон өткөн. Партиянын төрагасы - Шамшыбек Медетбеков. Учурда партияга мүчө болгондордун саны беш миңден ашык адамды түзөт.

Шамшыбек Медетбеков 2007-жылдын ноябрь айынан тарта эл аралык "On Clinic" медициналык борборунун президенти болуп иштеп келет. 

Партия Кыргызстан элдеринин ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында түзүлгөн. 2010-жылкы парламенттик шайлоого "Содружество" партиясы менен чогуу катышкан. Андан сырткары, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде "Кыргызстан элдеринин конгресси" деген депутаттык фракциясы бар.

Партиянын социалдык-экономикалык коопсуздукту сактоо, илимди, билим берүүнү жакшыртуу, калктын ден соолугун чыңдоо, жаштарды колдоо жана мигранттардын укугун сактоо боюнча да атайын программасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0