БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Дэн Сяопин жана Юлиус Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эртең менен алты автомашина кагышты. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин окурманы WhatsApp номери аркылуу маалымдады.
© Фото / Нуржанбек АзаматовДТП на пересечении улиц Дэн Сяопина и Юлиуса Фучика
ДТП на пересечении улиц Дэн Сяопина и Юлиуса Фучика
© Фото / Нуржанбек Азаматов
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн эртең менен "Шлагбаум" аймагында болгон. "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунааны айдаган таксист бурулуп кетүү үчүн башка айдоочулардан суранганда, алар аны өткөрүшкөн, бирок катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW үлгүсүндөгү машина аны барып сүзгөнгөнүн күбө кошумчалады.
Катуу сүзүшүүнүн күчүнөн катар турган жана жол жээгиндеги башка автоунаалар да жабыркаган. Алардын арасында жүргүнчүлөрдү ташуучу маршруттук такси да бар. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыр тарткандар жок.
Эгер сиз кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, аны видеого же сүрөткө тартып алсаңыз, биз менен бөлүшүңүз. Аны Whats App аркылуу биздин +996 706 566 544 номерибизге салсаңыз болот.