БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 19-августунда Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эки баланын бири — 11 жаштагы Данияр Абдуллаевдин денеси табылганын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, Даниярды 21-август күнү эртең менен сугатчылар арыктан таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Ал эми аны менен кошо сууга чөгүп кеткен тогуз жаштагы Бахром Каримовду издөө ушу күнгө чейин улантылууда.
Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында мүмкүнчүлүгү чектелген 14 жаштагы кызды куткарып, өзү сууга агып кеткен Памир Исмаевди жана Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен Ысык-Көлдүн 16 жаштагы тургуну Жаныбек уулу Азизди ишдөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирди.