БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бомба бар деп шектелген баштыктын ичинен кийим-кече табылганын ИИМ билдирди.
Маалымат боюнча, болжол менен саат 11.55те аталган аймактагы бак-дарактардын арасында шектүү баштык жатканы тууралуу кабар келип түшкөн. Көчөлөрдүн кесилиши курчоого алынып, коопсуздук чаралары көрүлгөн.
Түшкү саат экилер чамасында УКМК саперлору аймакты текшерип чыгышты. Баштыктан кийим-кечеден башка эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.
Sputnik агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерден аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги курчоо алып салынганын билдирди.